Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясы Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлигин жактырды. Ошентип, парламенттин бардык 6 фракциясы анын талапкерлигин колдоду. Эми Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде бул маселе каралат. Эгер комитет С.Жээнбековдун талапкерлигин колдосо, бул маселе Жогорку Кеңештин палатасына жөнөтүлөт. Талапкер парламенттин колдоосуна ээ болгон соң, президент аны премьер-министрликке дайындайт же четке кагат.
Айта кетсек, кечээ, 12-апрелде парламенттеги коалициялык көпчүлүккө кирген 4 фракция: КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" С.Жээнбековдун талапкерлигин премьер-министрликке жактырган. Ал эми бүгүн 2 оппозициялык фракция "Республика - Ата Журт" менен "Бир бол" аны бир добуштан колдоду.