Ооба, учурда бүтүндөй Жети-Өгүз районун кошулмасы жок таза чүчпара менен камсыздап жаткан Улан Маматов ишти адеп 500 сомдон эле баштаган. Ошондуктан "жакшы идея болсо, акча өзү табылат" деп бекеринен айтылбаган чыгар...
Каарманыбыз элчилеп жогорку окуу жайда окуйм деп опурулбай, Бишкектеги №91-лицейден ашпозчу-кондитер кесибине ээ болгон. Окуусун аяктаган соң жарым жылча борбор калаадагы кафелерде, кондитердик цехтерде иштеп, өндүрүш технологиясын мыктылап өздөштүрөт. Жеке ишкердик менен алектенүүгө көзү жеткенде 2007-жылы туулуп-өскөн Тамга айылына жөнөгөн.
Алгач 500 сомго эт сатып келип, үй шартында чүчпара даярдап, жергиликтүү дүкөндөргө сатыкка чыгарат. Өндүрүмдүн курамы баары таза азыктардан болгондуктан элге даамы жагып, суроо-талап түшө баштаган. Бара-бара той өткөргөндөрдөн буйрутмалар көбөйгөндө эптеп 10 миң сомго бир тоңдургуч (морозильник) сатып алат. Ити чөп жеп, иши жүрүшкөн ишкердин өндүрүш көлөмү барган сайын артып, цехти кеңейтүү максатында 2012-жылы үйдү соодалап, кошумча насыя алып жаңы имаратка көчөт.
"Бизнесте улам бир нерсеси бүтсө, бир нерсеси чыга берет экен" деген Улан мырза: "Кичи көлөмдүү тоңдургучтар тез бузулат жана өндүрүм да бат бузулуучу азыктарга киргендиктен, чоң тоңдургуч камера орнотуу зарыл болду. Анын үстүнө камерада иштөө жеңил. Көлөмдү дагы көбөйтүп, Жети-Өгүздү гана эмес, көлдү тегерете камсыздап, андан ары Бишкекке, Казакстанга чейин чыгуу планым бар",- дейт.
Бирок тапканы жумушчулардын айлыгына жана насыяны жабууга кеткендиктен, төрт жылдан бери сактоочу камерага жетпей келсе, быйыл кыялы орундалып кубанычы койнуна батпай турган кези. Дегеним, былтыр көл кылаасындагы жаштарды көтөрүү максатында уюштурулган "Жаштар ишкерчилиги" долбооруна катышып, мыкты бизнес идеяга ээ 17 жеңүүчүнүн катарына кирген.
Аталган иш-чараны толугу менен каржылаган "Кумтөр" сыйлык катары 10 миң доллар бөлүп, кечээ жакында Түштүк Кореяда чыгарылган өндүрүм сактоочу жабдууларды сатып берди. Биринин көлөмү 6 куб метрди түзүп, чийки азыктарды сактоого ылайыкталса, экинчиси 20 метр кубдук камера даяр өндүрүм чүчпарага арналган.
Сыйлыкка жеткирген долбоордун шарты боюнча беш кишини ишке алуу шарты коюлган, Улан мырза болсо учурда жети адамды жумуш менен камсыздоодо. Алардын бешөө чүчпара түйүү менен алектенип, ар бири күнүнө 20 килограммдан 50 килограммга чейин өндүрүм чыгарышат. Айлыгы иштегенине жараша, 1 килограмм чүчпарага 11 сом каралган. Бакубат турмуш эмгек менен жараларын айткан Улан мырза чүчпара менен чектелбей ассортиментке манты, фрикадельки жана котлета да кошкон.
Бизнести 21 жашында алакандай акчага баштаган Улан мырза иш жок деп алакан жайып отурган жаштарды изденүүгө чакырат. "Башында мен да коркком, бирок аракет кылсаң баары болот турбайбы" деген ал: "Күнүмдүк жашоого акча болуп турсун деп үйдөгү өрүктүн кагын соодалап, андан түшкөн 500 сом менен баштаган иш ушундай чоң бизнеске айланарын ошол учурда ойлогон эмесмин. Адамдын колунан баары келет. Сувенир жасап, бул жердеги санаторийлерге барып сатып, түшкөн акчага экини, анан үчтү жасап дегендей, айлантуу, акчаны туура пайдаланууга үйрөнүү керек. Жумуш жок деп мамлекетти жамандап, өкмөткө таарынбай, жаштар бир нерсе жасаса. Биз жасабасак ким жасайт? Аракет кылсаң анан мамлекет да жардам кылат, мына минтип "Кумтөрдүкүндөй" долбоорлор каралашат",- деп жаштарды тагдырын өз колуна алып, ак эмгек менен бакубат турмуш курууга үгүттөйт.
Айтемир Аскеров