ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөттөр аралык жыйынында экономикалык катнаштын абалы, каржы, транспорт, саламаттыкты сактоо маселелери көтөрүлдү

13-апрелде Орусиянын Москва шаарында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөттөр аралык жыйыны өттү. Өкмөттөн билдиришкендей, анда ЕАЭБдин негизги аспектилери, мындан аркы карым-катнаштар жана түрдүү багыттагы көйгөйлөр козголду. Ошондой эле экономикалык катнаштын абалы, каржы, транспорт, саламаттыкты сактоо жана интеллектуалдык менчик маселелери көтөрүлдү.

Жыйынга Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Казакстандын өкмөт башчысы, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасы Карим Масимов, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов жана Евразиялык экономикалык комиссиянын жамаатынын төрагасы Тигран Саркисян катышты.

Өкмөттөр аралык жыйын 2016-жылдын 20- майында Армения Республикасынын Ереван шаарында өтмөкчү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан