Мамлекеттик салык кызматы: Декреттик өргүүгө чыккан эркектер азайды

Мамлекеттик салык кызматында акыркы жылдары декреттик өргүүгө чыккан эркектердин саны азайды. Муну SUPER.KG порталына бүгүн, 15-апрелде аталган мекеменин басма сөз кызматынын башчысы Эркин Сазыков билдирди. Анын айтымында, салык кызматын Исхак Масалиев жетектеп турган жылдары мындай өргүүгө чыккандар көп болгон. "Акыркы жылдары азайып калды, дээрлик чыкпай калышты десек да болот. Эмгек кодексине ылайык, декреттик өргүү алгандар аял же эркек деп бөлүнбөйт. Эркек кызматкерлер "бала карайм же ата-энемди карашым керек" деп чыгып жүрүшкөн. Бирок аларга эмгек өргүүсү үчүн акча төлөнбөйт",- деп билдирди Сазыков.

Эскерте кетсек, декреттик өргүүгө чыккан эркек кызматкерлер прокуратура органдарында көп экенин башкы прокурор Индира Жолдубаева 14-апрелде парламентте отчёт берүүдө белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан