SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Досуңа сырыңды ачпа, ал канчага чейин дос болорун билбейсиң" деген тема талкууланды.
Темада автор: "Ар бир жаныңда жүргөн адамды дос деп айта албайсың. Айрымдар "досуңа бардык эле нерсени айта бербе, анткени ал канчага чейин дос болорун билбейсиң" дешет. Силердин оюңар кандай?"- деп суроо салган.
Буга айтылган жооптор мындай:
"Досуңдун да досу бар. Бирок кимдир бирөөгө ичиңдегини айтып, тең бөлүшүп жеңилдейсиң да".
"Досуң - сенин бир тууганың".
"Сырларды көп эле айта бербеш керек. Бир күнү кайра өзүңө каршы колдонушат. Анан да "эч кимге айтпа" деп бир нерсе айтсаң, ал эч кимге айтпайт деген кепилдик жок".
"Менин бир жакын досум - курбу кызым бар. 7 жыл мурун эгиз козудай ээрчишип, аябай жакын элек. Бир күнү аны ала качып кетти. Артынан барып "досумду тартып алба" деп ыйлагам. Дос кызым да мага кошулуп "коё тур бир аз" деген күйөөсүнө. Элдер аябай күлүшкөн биздин жорукка".
"Аялың же күйөөң жок болсо да, досуң болсун".
"Жүз сомуң болгуча жүз досуң болсун" деген макал бар го. Ошондуктан достун көп болгону жакшы. Жаманынын да, жакшысынын да бир күнү жардамы тийип калышы мүмкүн. Бирок, чынында, ички сырларды бардык эле доско айта бербөө керек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.