Жогорку Кеңештин төрагалык кызмат ордуна эки талапкердин бири катары Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги каралууда.
Талапкер тууралуу кыскача маалымат:
Бакыт Төрөбаев 1973-жылдын 5-апрелинде Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин финансы жана кредит адистиги боюнча аяктаган.
2010-жылдан бери иштеген кызматтары:
2009-2010-жылдары - Өзгөчө кырдаалдар министри.
2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2013-жылдын мартында "Республика" фракциясынын катарынан чыгып, өзүнчө "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык тобун түзгөн.
2015-жылы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Учурда парламент депутаты, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери.
Бакыт Төрөбаев 2015-жылдын октябрь айында "Супер-Инфо" гезитине маек куруп, келечек пландарын айтып берген эле.
– Бакыт мырза, учурда атаандаштарыңыз сизди «Бакиевдердин акчасын пайдаланып жатат» деп айыптап жатышат. Бул туурасында эмне айта аласыз?
– Бул карандай калп. Бакиевдердин биздин партияга эч кандай тиешеси жок. Негизи, мындай ушактын тараганына 3 ай болду. Шайлоо алдында атаандаштарыбыз алардын добуштарын бизди алып коёт деп кооптоно баштаган көрүнөт. Ошондуктан алар бизди болушунча жамандаганга өтүштү. "Каржылоо кайдан?" деген сиздин сурооңузга жооп жөнөкөй – партияга бардык акчаны биздин талапкерлер жана мен өзүм жумшап жатам. Чыгымдар ачык-айкын, БШК өзгөчө кылдаттык менен көзөмөлдөп турат.
– Сизди дагы наркофирмалары каржылайт деп айтып жүрүшөт...
– Бул эми дагы бир жаңы ушак экен. Негизи, мындай асмандан алган кептерге четтен келген пиар-технологдор чакырылып жүрөт. Биз билебиз, бул ушакты чыгарыш үчүн Украинадан келген пиар-технологдор 20 миң доллар алышкан. Анткени алар бизге келип «мага акча берсеңер, мен бул ушакты чыгарбайм» деп кетишкен. Бул сумма чоң экенин көрүп баш тартып койгонбуз. Ал суммага Бакай-Атадагы «Өнүгүүнүн» МТСине трактор сатып алдык. Биз акчаны башкаларды каралоого эмес, элдин муктаждыгына жумшап жатабыз жана бул чоң натыйжа берип жатат.
– Сизди Жалал-Абад шаарындагы "7-канал" телеканалы болушунча жамандап жатат. Аларга эмне кылдыңыз эле?
– Сиздерге белгилүү, бул канал Камчыбек Ташиевге таандык. Ошондуктан сөздүн төркүнү кайда болуп жатканы айтпаса да түшүнүктүү болсо керек. "7-канал" бизди биринчи жолу жамандап, жалаа жаап жаткан жок.
– Эмне үчүн силерге каршы көптөгөн ушактар чыгып кетти?
– Биз азыр жакшы кетип баратабыз. Биз анчейин деле өзүбүзгө пиар кылбай эле, жер иштетип, эл менен тыгыз байланыштабыз. Рейтингдер жана социалдык сурамжылоолор муну көрсөтүүдө. Бизден коркуп жатышат, анткени айрым саясатчылар бул шайлоолорго көп акча салышкан жана акыркы учурда парламенттин сыртында калып, алардын партиялары чөгүп жатат. Ошого алар тынчсызданышууда.
– Жогорку Кеңешке келсеңиз, эң алгач эмне кыласыз?
– Биздин шайлоочулардын алдында алган милдеттерибиз бар – ал биздин антикризистик программабыз. Ошондуктан аны ишке ашыруу үчүн өкмөттүн экономикалык блогуна киришибиз керек. Өкмөткө жардам беришибиз зарыл. Алар болгон аракетин көрүп жатышат, бирок түрткү керек.
Социологиялык иликтөөлөр көрсөткөндөй, бир дагы партия 65 мандат ала албайт. Андыктан коалицияга кошулууга туура келет. Өтө турган эки партияны көрүп жатабыз жана алардын позициялары бизге жакын. Ошондуктан биз өзүбүздү коалициялык көпчүлүктө көрүп турабыз. Биз шайлоо алдындагы убадаларыбызды аткаруу боюнча чоң иштерди жасайбыз деп даяр турабыз. Андыктан алдыда иштегенбиз, иштейбиз, дагы да иштейбиз! Муну биз жакшы билебиз.