Акча эсепти жана мээнеткеч адамды сүйөт

Арабызда насыяны бекер акчадай элестетип, аларын алып, бирок төлөй албай азап тарткандар бар. Ал эми Элнура Мамбеталиева акча эсепти жана мээнеткеч адамды сүйөрүн эсинен чыгарбайт.

Ушул жөнөкөй эреже анын ийгиликтерди багынтуусуна жол ачууда. Эки жыл мурун ишкер айымдын жолдошу эмерек жасоочу ишкана боюнча бизнес-план түзөт, бирок баары баягы эле каржыга келип такалган. Ишти тезирээк баштоо керек болот, алар алгач Балыкчы шаарындагы кайсы банк же каржы уюму канча пайызда, кандай шарттарда насыя берерин салыштырып чыккан.

Анан гана баарынан аз пайыз кайда экенин таап, бир жарым жылдык мөөнөткө 12 пайыз менен 100 миң сом насыя алышат. Каражат шаймандарга жана материал сатып алууга сарпталганын айткан Элнура айым: "Күзүндө той-топур көп болуп, кыздын себине эмерек алышат эмеспи. Мына ошого жетишип калуу үчүн насыя алганбыз. Каражатты өз орду менен пайдаланып, ишибиз жүрүшүп кетти. Карызды да мөөнөтүндө жаптык",- дейт.

Эмеректерди жолдошу даярдаса, аларды сатып өткөрүү жана буйрутмаларды табуу ишкер айымдын мойнунда. Анын айтымында, Балыкчыда мындай чакан ишканалар көп жана атаандаштык күч. Мурда чачтарачкана иштеткенде кардарлар өздөрү келсе, бул бизнесте сатып алуучу издеп айылдарга чейин кыдырууда. Ошондой эле тандоо көп болуш үчүн эмеректин түрлөрүн көбөйтүп, ишти кеңейтүүнү пландаган Элнура айым агенттиктен былтыр дагы 180 миң сом насыя алган. Арзан насыя ишти илгерилетүүгө чоң түрткү болуп жатканын ал баса белгилейт. Бирок кептин баары ишкер жубайлардын акчаны кармай, эсептей билгенинде.

Жаш үй-бүлөнүн кирешесинин негизги бөлүгү ушул бизнестен түшөт. Жолдошу күндүз башка жумушта иштеп, кечкисин жана эс алуу күндөрү эмерек жасагандыктан, шашылыш буйрутмалар түшкөндө Элнура айым да майда-чүйдөсүн кармалашып жиберет. Мына ушундай мээнеткеч жаштар насыя алып жатканда "Балыкчы Финанс" аларга бизнестин жол-жобосун көрсөтүп, ар тараптан колдоого аракет кыларын агенттиктин директору Кеңешбек Дүйшөмбиев билдирди.

Аталган насыя уюмун "Кумтөр" 2012-жылы түптөгөн. Мындай каржы уюмдары Тоң жана Жети-Өгүздө да орун алып, алар үч аймактын калкын жылдык үстөгү 10-12 пайыз арзан насыя менен камсыздашат. Каржылоонун өлчөмү 500 миң сомго дейре жана 1 жылдан 4 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Агенттиктердин ишмердүүлүгүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, активисттерден, "Кумтөрдүн" менеджерлеринен түзүлгөн Байкоочу кеңеш жана Улуттук банк тескөөгө алган. Долбоор башында "Балыкчы Финанска" кайтарымсыз негизде 15 миллион сом бөлүнсө, 2015-жылы каржы куржуну 40 миллион сомго жеткирилген. Жазгы талаа иштерине карата агенттикке дагы кошумча 50 миң доллар жардам көрсөтүлдү. Аймакты туруктуу өнүктүрүүгө арналган долбоор учурда өзүн-өзү актоого жетишип, чакан насыя уюмдары кирешеге чыгышкан. Эми алтын кен ишканасы каржылоону токтотуп, “Балыкчы Финанс” өз алдынча иштеп кете турган уюм катары жергиликтүү калкты өргө сүйрөө кызматын уланта бермекчи.

Айтемир Аскеров

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jaazira13
2016-04-20 20:49:14
колдо журуп аткан долбоорлор менен коптогон адамдар колдо алып азыр буттарына турушту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан