Дыйкандын үнү Кудайга жеткенде...

Эгемендик алганы агрардык тармак өгөйлөнүп, жетиштүү көңүл бурулбай калган Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы суткалык жөнгө салуу бассейндери (СЖБ), ички каналдар калыбына келтирилүүдө. Алсак, Тосор айылында эзели суу жетпеген 156 гектар жер айдоо аянтына айланганы турат. 1994-жылы үлүш бөлүштүрүү учурунда жайытка кирип калган. Калктын саны өсүп, үй салууга жер тартыш болгондуктан, айыл өкмөтү айыл четиндеги ээн талааны трансформациялоо сунушун Жогорку Кеңешке жолдогон. Маселе чечилип калса, анын 20 гектарын үй салууга, калганы айдоо аянты катары элге берилмекчи. Мына ошого даярдык көргөн айыл өкмөтү "Кумтөрдүн" көмөгү менен быйыл канал каздырып, ал жерге суу жеткирип алды.

Канал казууга аталган ишкана техникасын бөлүп берип, жумушун аткарууга жергиликтүү ортомчу ишкана жалданган. Туурасы 2 метр, тереңдиги 1,5 метр, ал эми узундугу 5 чакырым келген каналды алар төрт эле күндө бүтүрүшкөн. Аткарылган ишке көөнү толо сүйүнгөн айылдын Суу пайдалануучулар бирикмесинин (СПА) башчысы Жакшылык Чотоев:

"Буларың беш мүнөт деп жүрө бербей маалында тамактанып, маалынан кечикпей иштейт экен. Жумуш учурунда арак дегенди жолотмок түгүл сөз да кылганга болбойт дешип, ал гана эмес, тамекини да кабинадан түшүп сырттан чегип жатышты. Алардын коопсуздук эрежелерин так аткаргандары абдан жакты",- деп айыл элине жардам көрсөткөн "кумтөрчүлөргө" ыраазы.

Компания быйылкы жылдын эсебинен жазгы сугат алдында Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн жана Ырдык айылдарындагы эки СЖБны жалпы көлөмү 35 миң куб метр шилендиден арылтып берген. Буга улай Тосор, Ак-Дөбө, Ырдык, Липенка, Кызыл-Суу айылдарында жалпы узундугу 33 чакырымдан ашык ички каналдар калыбына келтирилди.

Ал эми Кызыл-Суу айылындагы негизги эки каналдан 720 гектар айдоо аянты суу ичсе, алардын биринен Талап айылындагы 600дөй түтүн огородун сугарат. Шилендиси тазаланган каналдар эми дагы кошумча 100 гектарга суу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн айткан СПАнын башчысы Шайымбет Жумабеков: "Кумтөрчүлөр" былтыр айылдагы СЖБны да тазалап беришкен. Андагы суу мурда бир күнгө жетпей калса, азыр экинчи күнгө суу ашып калууда. Быйыл эки иштен бир иш кылып, капчыгайыбыздын жолундагы таштарды да тазалап кетишти. Көрсөтүлгөн жардамга айыл эли абдан ыраазы",- дейт.

Ушундай эле иштер Жети-Өгүз айылында жүргүзүлүп, таза суу топтогуч ылайынан арылтылган. Ал аталган айыл менен Жон-Булак айылындагы 5000ге чукул түтүндү ичүүчү таза суу менен камсыздайт. Көрсөтүлгөн жардамга кубанган айылдагы Жаштар уюмунун төрагасынын орун басары Азиз Чыңгышбаев топтогучтагы ылайды чыгарууга өздөрүндөгү техникалардын күчү жетпесин айтат.

Өткөн жылы да кен ишканасынын колдоосу менен төрт СЖБ жана суу сактагыч тазаланган. Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылындагы ири суу сактагычты тазалоого компания үч жылдан бери көмөктөшүүдө.
3743 гектар айдоо аянтын сугарууга эсептелген суу сактагычтан быйыл көлөмү 125 миң куб метр шиленди чыгарылган. Бул иштер кийинки жылы да улантыларын компания өкүлдөрү маалымдашууда.

Быйыл эки райондун ирригация системин жакшыртууга "Кумтөр" 14 миллион сомдун тегерегинде, ар бир районго 100 миң доллар, ал эми үч жылдан бери жалпы 815 миң доллар жумшаган. Бул иштер Ысык-Көл кылаасын туруктуу өнүктүрүү долбоорунун алкагында аткарылып жатканын айткан компания өкүлү Актилек Түнгатаров: "Биздин компания үчүн айыл чарбасын инвестициялоо - Ысык-Көл облусун колдоодогу приоритеттүү багыттардын бири. Себеби жергиликтүү жашоочулардын басымдуу бөлүгү фермердик менен алектенишет. Аткарылган иштердин жыйынтыгында дыйкандардын түшүмү көбөйүп жатканы биз үчүн чоң кубаныч",- деди.

Эми бул айылдардын суу сактагыч, суу топтогуч, СЖБ жана каналдары дыйкандардын кызматына даяр.

Айтемир Аскеров


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Shekeev969798
2016-04-22 10:23:20
Кумторду неге америкалыктар иштетет биз озубуз иштеткенде ар бир адамга 20 мин доллардан туура келет кумторду алсак Кыргызстан онугот эле
+3
jaazira13
2016-04-22 10:57:20
Shekeev969798,Сен иштеткенди билесинби? кел өзүбүз макмалды тыңыраак иштетип, ар бир кыргызстандыкка 20 миң доллардан берели, Макмал мамлекеттики, өзүбүздүкү го ;)
+6
tashi62
2016-04-22 13:11:57
Shekeev969798,канада эмес беле?
0
beben
2016-04-22 13:24:39
Tasgi62. Ооба Канада . Канада иштетседа Кыргызстанга кобуроок%тин болунсо жакшы болмок себеби Кумторду иштетуу ото эле оной. Ммм албетте бизде техника жок.
0
marik10
2016-04-22 19:23:38
beben,озубуз иштете алсак илгериле инвесторлор жок олкобузду оркунлотмокбузда. мына прибылдуу мегакомду эмне кылышты? анан тоо-кен тармагына биздин саясатылардын колу жетсе озубуз эле шерменде болобуз
+1
isko-nookat
2016-04-22 15:24:52
темасын озгортуп койгула!
+1
melante
2016-04-22 15:44:56
Озубуз иштетсек деп тош какпай эле коёлу,болок эл болсо да ушунча жардам берип,эл ыраазы экен.А биздикилер торога,прокурор дегегдерди байпактай алмаштыруу мн убара
0
nargiz_96
2016-04-22 16:49:08
Иштетипта кордук 25 жылда бар завод фабрикаларды талкалып буттук мындайча айткада биздин колдон келбейт Андай иштер бизге жакшысы малчы койчулук
+1
suymon
2016-04-22 17:49:59
Баткен областынын Самаркандек айыл окмотун да коз ирмемден откозуп койгула.эл ичкенге суу жок.бак дарактар куурап жок болуу коркунучунда.суу болсо да тажиктерден артпайт.
0
nargis
2016-04-22 19:14:46
Азыр ар бир ишкер оз айылын которуп жатышат тендер утуп проек жазып,айыл койгойун чечип ,ылайым эле ар бир айылда ушундай уул кыздар кобойо берсин.
+1
munara.11.
2016-04-22 20:25:27
2026жылы ишенген кумторда жок болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан