Иса Өмүркулов: "Жогорку Кеңештин төрагалыгына менин талапкерлигимди сунуштагандарга чоң ыраазычылык билдирем"

"Жогорку Кеңештин төрагалыгына менин талапкерлигимди сунуштагандарга чоң ыраазычылык билдирем",- деп парламент депутаты Иса Өмүркулов SUPER.KG порталынын парламент төрагалыгына шайлоого катышар-катышпасы тууралуу суроосуна кыскача жооп берди.

Айта кетсек, кечээ, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайлоо өтүп, талапкерлер: "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 51:51ден бирдей добуш алышкан. Мындан улам кийинки аптада жаңы талапкерлер менен жаңы шайлоо өткөрүлмөкчү.

Учурда төрагалыкка талапкер катары КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков менен анын фракциялашы Иса Өмүркуловдун ысымы көбүрөөк айтылууда. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "эгер төрагалыкка Чыныбай Турсунбековдун талапкерлиги коюлса, "Ата Мекен" фракциясы аны колдойт" деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан