Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Олег Панкратов өкмөттүн 2015-жылдагы иши боюнча отчёт берүүдө.
Жыйын жүрүшүндө депутат Мыктыбек Абдылдаев Панкратовдон эмнеге ал Темир Сариев менен отставкага кетпегенин сурады. "Темир Сариев кетти. Ал үйдө отурат. Силер болсо калдыңар. Мен убагында өкмөттүн курамында иштегенимде премьер-министр отставкага кеткенде чогуу кетчүмүн. Ушундай салт бар",- деди депутат.
Олег Панкратов экс-премьер-министр Темир Сариев башкарган өкмөт толугу менен отставкага кеткенин эстетти. "Андан соң парламент өкмөттүн жаңы курамын өзү бекитти. Темир Сариев күнөөлүү болгон эмес, ал имиштердин айынан, туруктуулукту сакташ үчүн өз ыктыяры менен кызматтан кеткен",- деп жооп берди вице-премьер-министр.
Депутат Игорь Чудинов Панкратовго кайрылып: "Эмнеге күнөөлүү эмес? 6 миллиард сомго өткөн тендердиги бузуулар мыйзам бузуу эмеспи?! Сиз кимди алдап жатасыз?"- деп сураса, вице-премьер-министр жооп бербей койду.