Президент Алмазбек Атамбаев Кабул шаарындагы адамгерчиликке сыйбаган мыкаачылык террордук актынын натыйжасында көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Ооганстан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргыз мамлекети кандай гана көрүнүштө болбосун, терроризмди чечкиндүү айыптайт жана эл аралык коомчулуктун бул коркунучка каршы аракеттерин колдойт",- деп айтылат А.Атамбаевдин телеграммасында.
Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалай тургандыгын билдирди.