Жогорку Кеңешти 2021-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыгып, талкууга коюлду. ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, стратегия 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын парламентин өнүктүрүүнүн негизги максаттарын жана милдеттерин камтыйт.
Жогорку Кеңешти 2016-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын артыкчылыктуу милдеттери 2010-жылкы Апрель жана Июнь окуяларынан кийин орун алган саясий жана экономикалык каатчылыктардын өзгөчө оор мезгилинде өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана парламенттик демократияны өнүктүрүү маселелери менен шартталганы, андан айырмаланып бул стратегия 2021-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү маселелерине багытталганы айтылат маалыматта.