Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 23-апрелде Чүй облусундагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде курулуп жаткан 1916-жылкы Үркүн окуясында курман болгондордун элесине арналган мемориалдык комплекстин курулушу менен таанышты.
Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетовдун айтымында, комплекстин курулушу президент Алмазбек Атамбаевдин "1916-жылдагы кайгылуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун элесине арналган мемориал жөнүндө" жарлыгын жана өкмөт тарабынан бекитилген 1916-жылдагы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү планынын алкагында жүрүүдө.
Абылгазиев курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.