2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууга 493 миллион 600 миң сом каралууда. Анын 243 миллион 64 миң сому 2015-жылга каралып, 67,8 миң сому республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Ал эми 2016-жылга 174 миллион 600 миң сом берилмекчи. Бул тууралуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева 25-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин жйынында билдирди.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө 2015-жылдан бери 16 органдын 760 кызматкери “Кыргыз тест” системи аркылуу тил билүү дареметин сынап көргөнү айтылды.
Талкууда депутат Рыскелди Момбеков: “Кыргыз тили “кыргыздар” менен “киргиздердин” ортосундагы талаш-тартыштын айынан эгемендик алгандан бери деле өнүккөн жок. Ар бир жыйын мамлекеттик тилде өткөндө, "кооз" сүйлөгөндөр азаймак”,- деп билдирди.
Комитет “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалымат эске алынсын деген жыйынтыкка келди. Өкмөткө мамлекеттик тилди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттендирилген мамлекеттик кызматкерлердин тизмесин тез арада тактоо тапшырмасы берилди.