Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен жолугушту. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү өтмөкчү. "Өзбекстандын лидери Орусияга расмий иш сапары менен келди",- деп айтылат Кремлдин маалыматында.
Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы Ислам Каримов Орусияга Владимир Путиндин чакыруусу менен келгенин билдирет. "Өлкө башчылары өзбек-орус мамилелерин мындан ары өнүктүрүү маселеси, айрым аймактык жана эл аралык көйгөйлөр боюнча пикир алмашышат. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Өзбекстан менен Орусиянын ортосундагы ар түрдүү тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир топ эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган",- деп маалымдайт өзбек тараптын басма сөз кызматы.