"Жакында республиканын ЕАЭБге мүчө болуп киргенине бир жыл болот, бирок фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды куруу иши али баштала элек. Адистердин эсептөөлөрү боюнча, жаңы фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды курууга болжол менен 100-120 миллион сом керек". Мындай пикирин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн 25-апрелдеги жыйынында айтты. "Биз бул каражаттарды издештирип, быйыл лабораторияларды куруп башташыбыз керек",- деп белгиледи ал.
Өзгөчө көңүлдү өкмөт башчы экспортёрлорду колдоо жана алардын ЕАЭБ рыногуна чыгуусу үчүн шарттарды түзүү зарылдыгына бурду. "Экспортко багытталган продукцияларды өндүргөн ишканаларга мамлекет тараптан жетиштүү колдоо көрсөтүлүшү керек. Ал үчүн эң ириде Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жана түзүлүп жаткан "Мамлекеттик кепилдик фонд" ААК мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышыбыз керек",- деп билдирди Жээнбеков.