Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы парламенттин төрагасы кызматына өз талапкерин көрсөтпөйт. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG порталына фракциянын катчылыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, "Өнүгүү-Прогресс" кечээ жыйын өткөрүп, талкуунун натыйжасында бир катар депутаттар спикерликке фракциянын атынан альтернативдүү талапкерди чыгаруу керектигин сунушташты. "Азырынча талапкерди көрсөтүү же көрсөтпөө боюнча фракция бир чечимге келе элек",- дешти катчылыктан.
Эскерте кетсек, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайлоо өтүп, талапкерлер: "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 51:51ден бирдей добуш алышкан. Мындан улам жаңы талапкерлер менен жаңы шайлоо өткөрүү жарыяланган.
22-апрелде КСДП фракциясы Ч.Турсунбековдун спикерликке талапкерлигин коюуну бир добуштан жактырган. Мындан тышкары анын талапкерлигин колдой турганын "Ата Мекендин", "Республика - Ата Журттун" жана "Бир болдун" лидерлери айтышкан.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бүгүн, 26-апрелдеги жыйынында парламенттин төрагасы кызматына КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин бир добуштан жактырган.