Өкмөт башчы Балыкчы-Корумду жолунун курулушун көрдү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 26-апрелде Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушу менен таанышты. Өкмөт башчыга транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров жолдун курулуш иштеринин азыркы абалы боюнча маалымат берди.

Жолду 2015-жылдын ноябрь айында кытайлык "Лонг Хай" компаниясы куруп баштаган. Компания тарабынан 33 даана техника курулуш ишине тартылса, учурда анын 24ү иштеп жатат. Мындан тышкары компания тараптан 162 даана техника ижара негизинде алынып пайдаланылып жатканы айтылды.

Эскерте кетсек, мурунку өкмөт башчы Темир Сариев ушул жолду куруу боюнча өткөрүлгөн тендер чуусуна байланыштуу кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан