Спикерликке талапкер Ч.Турсунбеков: "Чет өлкөлүк серепчилер 2010-жылы өлкөбүз экиге же үчкө бөлүнөт дешкен, бирок тилектери ишке ашпады"

Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында спикерди шайлоо процесси өтүп жатат. Анын жүрүшүндө талапкерлердин бири КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков өз программасы менен депутаттарды тааныштырууда.

Анын айтымында, өткөн 5 жыл ичинде парламент өлкөдө туруктуулукту сактай алды. "Өлкөбүздөгү ар бир коогалаң элди коркутуп келет. 2010-жылдагы окуялар болгондо чет өлкөлүк серепчилер Кыргыз Республикасы экиге же үчкө бөлүнөт дешкен, бирок алардын тилектери ишке ашпады. Парламент президент менен биргелешип чогуу иштеп, чоң программаларды ишке ашырып, өлкө демократиялык өнүгүү жолуна түштү. Ишкерлер өлкөдөн качпагандай болушту. 2017-жылы президентти шайлоону биздин парламенттик шайлоодой таза өткөрө алсак, өлкөбүздүн туруктуулугу үчүн жасалган чоң кадам болуп калат. Ушул багытта иш алып барышыбыз керек",- деп кайрылды Турсунбеков.

Мындан тышкары ал буга чейинки спикер Асылбек Жээнбековго парламенттин туруктуулугу үчүн эмгегин белгилеп, ага ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Турсунбеков өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюнун өсүшүнө парламенттин ролу жогору экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан