Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында спикерди шайлоо процесси өтүп жатат. Анын жүрүшүндө талапкерлер КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев өз программалары менен депутаттарды тааныштырышты. Учурда алар суроолорго жооп беришүүдө.
Талапкерлерге диний көз караштары боюнча да суроо берилди.
Ч.Турсунбеков динге катуу берилген же динге терс көз караштагы адамдардан эмес экенин билдирди. "Мен Кудай деп жүргөн адамдарданмын. Бардык диндерди бирдей сыйлайм", - деди Турсунбеков.
И.Масалиев өз кезегинде эгер кайсы бир диндин өкүлдөрү Жогорку Кеңештин имаратында сыйынуучу жайды ачууну суранышса, каршы чыкпай турганын айтты.