Алтын балык кармаган балыкчылыктар...

Өндүрүлгөн сүт азыктары"Карды ач адамга жардам кылгың келсе, балык бербей, ага балык уулаганды үйрөт" деген жакшы сөз бар. Дал ушул накыл кепти ураан туткан «Жакыр үй-бүлө мүчөлөрүнүн профессионалдык көндүмдөрүн жогорулатуу - жеке ишкердик мүмкүнчүлүгүн уюштуруу» долбоору чү дегенде эле ийгиликтүү старт алды.

Балыкчы аймактык элди окутуу жана өнүктүрүү борбору тарабынан демилгеленген долбоор ушул жылдын апрелинде башталган. Анын алкагында аталган шаарда сүттү кайра иштетүүчү чакан ишкана ачылып, жергиликтүү калктын кубанычы койнуна батпай турган кези. Биз барган учурда ишканага сүт тапшырып жаткан коңшулаш Тору-Айгыр айылынын тургуну Асанбек Максүтов: «Бүгүн алгачкы ирет келип отурам. Буга чейин сүттү кайда өткөрүүнү билбей жүрчүбүз. Азыр 20 литр алып келгем, литрин 18 сомдон өткөрдүм. Эми дагы канча керек болсо, айылдаштардыкын да чогултуп, ошончо көлөмдө алып келип турам. Ишкананын ачылганы бизге да абдан жакшы болду», - дейт.

Учурда ишкананы балыкчылык он айым иштетип, йогурт, каймак жана быштак чыгарышууда. Алар долбоор алкагында Балыкчы шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын тизмесинде турган жумушсуз жарандардын арасынан тандалып алынган. Бул тууралуу жогорудагы Элди окутуу жана өнүктүрүү борборунун директору Бейшенкул Исабеков буларга токтолду:

"Долбоордун максаты - ишке жарамдуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, жумушсуз жүргөн кыз-келиндерди, көп балалуу жана жалгыз бой энелерди кыска мөөнөттүү курстан окутуп, жумуш менен камсыздоо. Анын алкагында он айым сүттү үй шартында иштетүү, жеке ишкана ачуу жана насыяны туура пайдалануу боюнча бир айлык курстан өтүштү. Андан соң сүттү кайра иштетүүгө зарыл бардык жабдуулар жана имарат бөлүнүп берилди".

Назгүл ДүйшөмбиеваБулардын баары «Кумтөрдүн» каржылык колдоосу менен ишке ашкан. Мындай жардамы үчүн кен компаниясына абдан ыраазы экенин билдирген жумушчулардын бири Назгүл Дүйшөмбиева буга чейин эки баласы менен үйдө бош отурчу. Балыкчыда жумуш жок, жолдошу да бир айдан бери Бишкекте курулушта иштеп жүргөнүн айтат. Анын деле айлыгы укмуш эмес экенин, анча-мынча тапканын салып жатканын айтып: «Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ушундай шарт түзүп берген «Кумтөргө» абдан ыраазымын. Калем, дептерибизге чейин алып берип, бекер окутту. Эми минтип ишкана ачып берди. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, ишти жөндөп кетүү өзүбүздүн колубузда», - деп кубанычын тең бөлүштү.

Назгүл айым айткандай, ишкананын келечеги жумушчулардын өз колунда. Алар канчалык жакшы иштесе, кирешелер жана айлыктар ошого жараша болмокчу. Бул жагын көзөмөлдөп турууга айымдар арасынан өз лидерин шайлап алышкан. Ал эми окутуу борбору аларга сырттан баш-көз болуп, көмөктөшүп турарын Бейшенкул мырза кошумчалап өттү.

Өндүрүлгөн азыктар учурда Балыкчы шаарындагы дүкөндөргө сатыкка коюлган. Ишти адеп 15 литр сүт менен баштаса, учурда көлөм 50 литрге жеткен. Бул да чек эмес, анткени нак сүттөн жасалган табигый азыктарга суроо-талап күн санап өсүп жатканын жумушчу айымдар маңдайы жарыла кубануу менен билдиришти.

Иштеп жаткандардын арасында үй шартында өз алдынча өндүрүм чыгарууну көздөгөндөрү да бар. Эгер алардын максаты ишке ашса, дагы кошумча жумушчу орундары пайда болору жана бошогон орундарга жаңы жумушчулар тартылары айкын. Өлкөбүздүн бюджетин түзүүчү «Кумтөр» ишканасы кен жабылган соң экономикабыздагы абалдын туруктуулугун сактоо максатында келечектүү дал ушундай долбоорлорду жүзөгө ашырып келүүдө.

Айтемир Аскеров


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nuriyaeljan
2016-04-27 17:40:45
Иштетимиш болуп жакшы корунуп элди алдап канчалаган алтындарды алып кетип жатышат Кумторчулор
+1
marik10
2016-04-27 20:02:40
nuriyaeljan,кандайча иштетимиш? бул адамдын баары ар кандай долбоорлор аркылуу оздорунун ойлорун ишке ашырып ататта, кумтор ишин 2026 жылы токтотот, бирок майда ишканалар башка керектоочулорго оздорунун кызматын корсото берет. экинчиден, бизди кумторчулор алдап атабы же шайлоо астында убада берген саясатчыларбы?
0
jaazira13
2016-04-27 20:05:53
nuriyaeljan,силерге окшогондор кумтор десе эле, тоодо канадалыктар касып анан алтын куймаларды чемодандарына салып алып канадага алып кеткенин элеске аласынар. интернеттен маалымат учун кыргызалтын, аффинаждык завод, эл аралык биржа, центеррага окшогон акционердик компаниялар деп жазып издеп окуп корсонор???
-2
dubai
2016-04-27 18:23:14
ишинерге ийгилик эжелер!
+1
maks94.kb
2016-04-27 18:49:31
nuriyaeljan созуно 100% кошулам
0
baska
2016-04-27 22:57:00
18сомдон арзаго бизде сут 50сом литири
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан