Парламентте Балыкчы-Корумду жолу боюнча маселе каралып жатат. Жыйынга чакырылган Сариев менен Малабаев келбей коюшту

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө боюнча тендер маселеси тууралуу парламенттин убактылуу депутаттык комиссиясы маалымат берүүдө.

Анын жүрүшүндө депутат Азамат Арапбаев талкууда калыстык болуш үчүн экс-премьер-министр Темир Сариев менен транспорт жана коммуникациялардын экс-министри Аргынбек Малабаевдин катышуусу зарыл экенин билдирди. "Бул адамдарды чакырып, аларга суроолорубузду берет элек", - деди Арапбаев.

Аталган комиссиянын төрагасы Сариев менен Малабаев жыйынга чакырылганын айтып, бирок алар келбей коюшканын белгиледи.

Жыйынтыгында аталган маселени талкуулоо уланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан