2003-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасы КМШ мамлекеттеринин ичиндеги 7 жакыр өлкөнүн эң коррупцияланган өлкөсү деп табылган. Бул маалыматты Эл аралык валюталык фонду, Дүйнөлүк банк, Европа өнүгүү банкы жана Азия банкы биргелешкен отчётунда чыгарган.
Кошумчалай кетсек, өлкөдөгү эң коррупциялашкан тармак билим берүү жана медицина тармагы экенин Коргоо кеңешинин катчысынын мурунку орун басары Темир Жумакадыров 2014-жылы маалымат жыйын учурунда билдирген.
28-апрелдин жылнаамасы.