Жогорку Кеңештин 28-апрелдеги жыйынында өкмөт 2015-жылы аткарган иши боюнча маалымат берүүдө. Анын жүрүшүндө депутат Өмүрбек Бабанов экс-премьер-министр Темир Сариевдин айрым демилгелерин сынга алды.
"Темир Сариев жойгон Энергетика жана өнөр жай министрлигин кайтарыш керек. Улуттук энергохолдингдин башчысы айына 16 миң сом эле таап, кантип реформаларды жүргүзөт? Учурда Экономика жана өнөр жай министрлиги түзүлүп, Арзыбек Кожошев экономиканы да, да өнөр жайларды да көзөмөлдөөгө муктаж", - деди Бабанов.
"Сариев убагында "күнөсканаларды куруп иштеткендер жыргап байып жатышат" деген. Биз ким жыргап жатканын дагы текшеребиз. Өлкөбүз бир гана күнөсканалар менен жашаган жок. Дыйкандар кыйналып жатышат, аларга 7 пайыздык насыя бериңиз. Керек болсо 5 пайыздыкка чейин түшүрүңүз. Бул багытта реформа керек", - деп кайрылды өкмөт башчыга депутат.