Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери энергетика тармагында реформа жүргүзүлгөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.
"Дүйнөдө наркобарондор - биринчи кылмышкерлер, бизде болсо биринчи кылмышкерлер - энергобарондор. Бул энергобарондор буга чейинки өкмөттөрдүн баштарын жутушту, азыркы өкмөттүн башын да жутушу мүмкүн. Өкмөт Улуттук энергохолдингди эмес, уурулук-холдингди түздү, анткени ал жерде укмуштуу коррупциялык көрүнүштөр бар. Аталган энергохолдингди Максим Бакиевдин жанында иштеген бала башкарып жатат. Энергобарондор ушундай жаш балдарды отко салып, өздөрү көшөгөнүн артында башкарып жатышат", - деди депутат.