КСДП фракциясынын лидери болуп Иса Өмүркулов шайланды

Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери болуп Иса Өмүркулов (сүрөттө) шайланды. Маалыматты бүгүн, 28-апрелде аталган фракциянын депутаты Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялады. Буга чейин фракцияны жетектеп келген Чыныбай Турсунбеков кечээ парламент төрагасы болуп шайланган.

КСДП фракциясын жетектөөгө мурунку спикер Асылбек Жээнбековдун шайланары айтылып жаткан. Жээнбеков кошумча жоопкерчилик албай, жөн эле депутат болууну чечкени белгилүү болду.

Иса Өмүркулов депутат болгонго чейин Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан