Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн 2015-жылы аткарган иши боюнча маалымат угулууда. Өкмөт мүчөлөрүнө суроо берүүгө жазылган депутаттардын саны көп болгондуктан, депутат Максат Сабиров өкмөттүн отчётун тезирээк бүтүрүүнү демилгеледи. Аны менен башка бир нече депутат да макул болду.
Бул демилгеге депутат Садык Шер-Нияз каршы чыкты. "Эгер үйгө шашсаңыздар, анда Жогорку Кеңештин жыйындарын Фейсбук аркылуу жүргүзбөйлүбү. "Жогорку Кеңеште алдын ала жазылган сценарий менен шоу көрсөтүлүп, "чөнтөк парламент" болуп калды" деп эл айтып жатат. Уят да! Өкмөттү бир саат уга албасак, эмнеси менен парламентпиз?! Өкмөт араң чогулуп келсе, угушубуз керек, суроолорубузду беришибиз керек. Ошондо эл астында иштеп жаткан болобуз", - деди Шер-Нияз.
Максат Сабиров буга: "Өкмөттүн отчёттун тездетүүнү чарчап кеткенден эмес, башка маселелерди да кароого үлгүрүү керектигинен айткам", - деп жооп берди.