"Белгилүү ырчы Кайрат Нуртас Казакстандын маданият жана спорт министринин орун басары болуп дайындалды" деп жазып чыкты бүгүн, 28-апрелде жеке булактарга шилтеме берүү менен казакстандык "yvision.kz" маалымат булагы. Бирок Маданият жана спорт министрлигинин басма сөз кызматы аталган маалыматты төгүнгө чыгарууда.
Нуртас буга чейин президент Нурсултан Назарбаевдин "Нур Отан" партиясына мүчө болгону белгилүү.