Германия кыргыз мамлекетине 53 миллион евро гранттык каражат бөлүүдө

Жогорку Кеңеште 28-апрелде "Бишкек шаарында 2016-жылдын 24-мартында кол коюлган кыргыз өкмөтү менен Германия өкмөтүнүн ортосундагы 2015-2016-жылдарга каржылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана 2015-2016-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экономика министри Арзыбек Кожошев Германия өз ара кызматташуу алкагында Кыргыз Республикасына 53 миллион 950 миң евро гранттык каражат бөлөт. Анын 16 миллиону техникалык кызматташуу долбоору үчүн бөлүнүүдө.

Келишимге ылайык, гранттык каражат кесиптик билим берүү, жумушка орноштуруу, жарандык коом менен алакаларды арттыруу, саламаттык сактоо, жакырчылыкты азайтуу багытында жумшалууга тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан