Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын 29-апрелдеги жыйынында соттук реформа маселеси талкууланууда. Фракция лидери Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү соттук системди сынга алды.
"Биздин судьялар көз карандысыз эмес. Алар бийликтин өкүлдөрүнө телефон чалып чечимдерди чыгарышууда. Элде судьяларга болгон ишенимдин деңгээли төмөн. Соттук систем коррупцияланган. Соттук процесстерди өткөрүү деңгээли начар, кадр маселеси курч болууда", - деп сынга алды Бабанов.
Андан соң ал соттук реформаны ишке ашырууда төмөнкү сунуштарды эске алуу керектигин айтты:
"Судьялыкка талапкерлер милдеттүү түрдө Жогорку адилет мектебинде окуудан өтүш керек. Окуу аяктаган соң алар сынак тапшырып, жогорку баллдарга ээ болушу зарыл. Экинчиден, судьялыкка талапкерлер калп тапкыч (полиграф) аркылуу текшерүүдөн өтүшү керек. Мындан тышкары ар бир талапкер өзүнүн жана туугандарынын телефон сүйлөшүүлөрүн укук коргоо органдары тарабынан угууга макулдугун бериши керек".