Эртең, 30-апрелде президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Жыйында Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун чыңдоо чаралары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системинин иш-милдеттерин камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө маселе каралат. Жыйын жабык режимде өтө турганын президенттик аппараттан кабарлашты.