Бир айдын ичинде Жогорку Кеңештин 3 жыйынына катышпаган депутаттарга салынчу айып пулдун көлөмү 5 эсе жогорулашы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору КСДП фракциясынын отурумунда каралууда.
Демилгечилердин айтымдарында, азыркы мыйзамга ылайык, сессияларга себепсиз келбей койгон депутаттын айлыгынын 10 пайызы кармалат. "Биз кармалчу сумманы 50 пайызга чейин көтөрүүнү сунуштап жатабыз", - дешти демилгечилер.
Мындан тышкары алар мыйзам долбоорлоруна добуш берүүнү талкуудан кийин жүргүзүүнү сунушташты: "Бүгүнкү күндө биз саат 15:00дөн кийин долбоорлорго добуш беребиз. Айрым долбоорлордун аталыштары окшош болгондуктан, депутаттар адашып калган учурлар орун алууда. Мындан улам ар бир мыйзам долбоорун талкуулаган соң добуш беришибиз керек".