Президент кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы жана Казакстандагы элчилерин кызматынан бошотту

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин 29-апрелде кол койгон жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эмилбек Узакбаев кызматынан бошотулду. Ошондой эле президенттин башка жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эсенгул Өмүралиев да кызматынан алынды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан