Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-апрелде өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.
Жолугушууда мамлекет башчы узакка созулган жамгырдан улам жер көчкөн Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын эки тилкесиндеги калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү жана анда жашаган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.
Кубатбек Боронов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жер көчкүдөн жапа чеккен Кызыл-Туу айыл аймагынын эки участкасынын жашоочуларын коопсуз жайларга көчүрүшкөнүн билдирди. Анын айтымында, жаратылыш кырсыгынан кыйраган үйлөрдүн жашоочулары ар кайсы мезгилде ссудаларды жана жер тилкелерин алышкан, алар жашаган аймактын коркунучтуу экендиги тууралуу эскертүү берилген.
Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүсү тийиш экенин белгиледи. Мамлекет башчы куткаруучулар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаратылыштын ар кандай кырсыктарына кириптер болчу аймактардын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүшү зарыл экенин айтты.