Коалициялык көпчүлүктүн лидери Канат Исаев же Бакыт Төрөбаев болушу мүмкүн
Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн лидери Канат Исаев ("Кыргызстан") же Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс") болушу мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ак үйдөгү өздүк булактар билдиришти.
"Бүт бийликти бир партия ээлеп алды" деген сөз чыга баштагандыктан, КСДП коалициялык көпчүлүктүн лидерлигине өзүнүн өкүлүн сунуштабай турганы күтүлүүдө. Коалициялык көпчүлүк май айындагы майрамдардан кийин өтчү жыйынында ачык добуш берүү аркылуу лидерин шайлайт. Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр учурда жана кийинки аптада жүрүшү мүмкүн", - дешти өздүк булактар.
Айта кетсек, буга чейин 20-апрелде аталган эки талапкер: "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайлоодо 51:51ден бирдей добуш алышкан. Мындан улам жаңы талапкерлер менен жаңы шайлоо өткөрүү жарыяланган. Ошентип, 27-апрелде КСДП фракциясынын башчысы жана коалициялык көпчүлүктүн лидери Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына шайланган.