Облус борборлоруна заманбап фитосанитардык лабораторияларды куруу пландалууда

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 29-апрелде ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу жана реконструкциялоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, Евразиялык экономикалык биримдиктин негизги талабы – республикада эл аралык стандарттарга жооп берген ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын болуусу. 2016-жылдын 1-августунан тарта ЕАЭБ өлкөлөрү менен чектешкен аймактарда ветеринардык көзөмөл алынууга тийиш. Аталган тапшырманы аткаруу иретинде премьер-министр ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу, реконструкциялоо ишин ырааттуу түрдө жүргүзүүнү тапшырды. Алгачкы баскычта Бишкек жана Ош шаарларындагы ветеринардык лабораториялар, андан соң аймактагылары модернизацияланат.

Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын директору Калысбек Жумаканов маалымдагандай, республикада бүгүнкү күндө 30 фитосанитардык лаборатория бар. Лабораторияларды оптимизациялоо жүрүп жатканы, 11 лаборатория кыскартылып, 19 лаборатория модернизацияланары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан