Президент Кыргызстан элинин ассамблеясынын VIII курултайына карата кайрылуу жасады

Президент Алмазбек Атамбаев 30-апрелде Кыргызстан элинин ассамблеясынын VIII курултайынын катышуучуларына кайрылуу жасады. Кайрылууда булар айтылат:

“Урматтуу Кыргызстан элинин ассамблеясынын VIII курултайынын делегаттары жана меймандары!

Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди Кыргызстан элинин ассамблеясынын VIII курултайы менен куттуктайм жана ишиңиздерге ийгилик каалайм! 1994-жылы бул ассамблея түзүлгөн учурдан тартып Кыргыз Республикасынын элинин жарандык биригүү процессине оң таасирин тийгизип келе жатат.

2010-жылы болгон кайгылуу Июнь окуялары этностук чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негиздерин кайрадан карап чыгуу зарылдыгын жаратты. Андан дагы саясий өзгөрүүлөр, эң оболу конституциялык реформа, андан соң Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын бекитилиши ассамблеянын укуктук статусунун өзгөрүшүнө алып келди.

Бүгүнкү күндө ассамблея мамлекетибиздеги элдин биримдигин чыңдоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен этномаданий борборлордун өз ара аракеттенүүсү боюнча консультациялык-кеңешүүчү орган болуп калды. Ассамблея өлкөбүздө жашаган этностордун маданиятын сактоодо жана өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Жаңы шарттарды эске алганда, ассамблеяны өз алдынча уюм катары реформалоо гана эмес, анын мамлекеттик, аймактык жана жергиликтүү деңгээлде этностук көп түрдүүлүктү натыйжалуу башкаруунун калыптанып бара жаткан системиндеги ордун жана ролун белгилеп кетүү зарыл.

“Кыргыз жараны” деген жаңы жарандык бирдейликти калыптандырууга көмөктөшүү Кыргызстан элинин ассамблеясынын ишинин негизги идеясы жана маңызы болуп калууга тийиш. Биздин максат – этностук таандыктуулугуна карабастан, кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоого жана Ата Мекенибиздин өнүгүшүнө өзүнүн салымын кошо турган, өзүнүн өлкөсүнүн чыныгы патриоту болуп, анын тарыхын, тилин жана маданиятын урматтаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын санын көбөйтүү болуп саналат.

Кыргызстан элинин ассамблеясынын VIII курултайынын бардык катышуучуларына тынчтык жана иштеринде ийгиликтерди каалайм!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан