"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын каржы иштери боюнча вице-президенти Марк Бертон менен компаниянын материалдык-техникалык камсыздоо иштери боюнча вице-президенти Лесли Лоу Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Башкы прокуратурадан билдиришти.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында 28-апрелде Башкы прокуратура УКМК, ИИМ жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы биргеликте "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн. Тинтүүнүн эртеси компаниянын кызматкерлери өлкөдөн чыгып кетишкен. Тергөө тобу алардын катышуусу менен тергөө иштерин жүргүзмөкчү болуп жаткан. Тергөө иштерине катышпай коюшу боюнча аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чаралар көрүлө турганы айтылды.