Президент Алмазбек Атамбаев 30-апрелде өлкөгө расмий иш сапары менен келген Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Асловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Маалыматка таянсак, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.