"КСДП фракциясынан айрым депутаттар өз ыктыяры менен мандатты тапшырышты деген маалымат жалган" дешти катчылыктан

"Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан айрым депутаттары өз ыктыяры менен мандатты тапшырышты деген маалымат чындыкка туура келбейт". Бул тууралуу SUPER.KG порталына фракциянын катчылыгынан билдиришти.

"КСДПнын бир да депутаты өз ыктыяры менен мандатты тапшырары тууралуу арыз жазган эмес. Жөн эле бул тууралуу сөз болгон, мындан улам ушундай маалыматтар тарап кетиптир", - дешти катчылыктан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, КСДП фракциясынан депутат Ашэра Халикова мандатын тапшыруу жөнүндө арыз жазганы айтылууда.

Айта кетсек, 29-апрелде Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынан депутаты Лунара Мамытова депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча БШКга арыз жазган. "Мен үчүн адам бойдон калуу - башкы максат. Кресло үчүн өлбөйм! Өлкөбүздүн саясий чөйрөсүндө аз убакыт болсом да, саясаттын чыныгы жүзүн биле алдым. Депутаттык ишмердигимде саясатчылардан көңүлүм калган учурлар болду. Саясатта бул кадимки көрүнүш", - деп мындай кадамын түшүндүргөн Мамытова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан