Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Лунара Мамытованын мандаттан баш тартуу арызын 6-майда карашы мүмкүн. Муну SUPER.KG порталына комиссиянын мүчөлөрү билдиришти. Депутат ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча арызын апрелдин соңку күндөрү жазгандыктан, БШК аны кароого үлгүргөн жок. Комиссиянын кезектеги жыйыны 6-майга түштөн кийинкиге пландалууда.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясынын депутаты Лунара Мамытова мандатын тапшыруу боюнча БШКга арызды 29-апрелде жазган. Депутат депутаттыктан баш тартуу себебин ачыктаган жок, болгону саясат ыплас нерсе экенин белгиледи. Ордуна партиянын тизмеси боюнча Улугбек Ормонов келмекчи.