Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги "Центерра Голд Инк." жана "Кумтөр Голд Компани" ишканаларынын жетекчилигине корутундуларды жана уруксат берүүчү документтерди берүү мүмкүн эместиги тууралуу эскертти. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, агенттик аталган ишканалардын жетекчилигине 2015-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн алкагындагы айлана-чөйрөнү коргоо иш-чараларынын аткарылбай жатканын кабарлады.
"Айрыкча булгоо коркунучун изилдөөнүн жыйынтыгы, Кумтөрдөгү кенди пайдалануу долбоору көрсөтүлгөн жок. Мындан тышкары кенди иштетүүгө акча каражатты Кыргыз Республикасынын аймагындагы каржы мекемелеринде бөлүү, чогултуу жана быйылкы жылга толуктоо чаралары каралган эмес", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, козголгон кылмыш ишинин алкагында 28-апрелде Башкы прокуратура УКМК, ИИМ жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы биргеликте "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн. Тинтүүнүн эртеси компаниянын кызматкерлери өлкөдөн чыгып кетишкен. Тергөө тобу алардын катышуусу менен тергөө иштерин жүргүзмөкчү болуп жаткан. Тергөө иштерине катышпай коюшу боюнча аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тийиштүү чаралар көрүлө турганы айтылды.