Түркия. Парламентте депутаттардын кол тийбестигин алып салуу маселеси каралып жатканда массалык мушташ чыкты

Түркиянын парламентинин кезектеги жыйынында бийликтеги партия менен оппозициянын ортосунда массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, мушташ депутаттардын кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда чыккан. "Депутаттардын кол тийбестиги Түркияда абдан курч маселе. Күрддөрдү колдогон оппозициялык партия "бийлик аталган мыйзам долбоору аркылуу көңүлгө жакпаган депутаттарды соттоого мүмкүнчүлүк бергени жатат" деп, жыйындан чыгып кетти. Парламенттеги талкуунун жыйынтыгында депутаттардын кол тийбестигин алып салуу боюнча бийликтеги партиянын сунушу колдоого ээ болду", - деп жазышат басылмалар.

Түркия. Депутаттардын массалык мушташы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан