Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынан депутаты Лунара Мамытованын мандатын тапшыруу боюнча эч кандай соодалашуу болгон жок. Бул тууралуу журналисттерге Л.Мамытованын ордуна келчү Улугбек Ормонов билдирди.
"Парламенттик шайлоодо "Бир бол" партиясынын тизмеси боюнча мен 14-орунда болчумун. Биздин партия 12 мандатка ээ болгон. Буга чейин Бакыт Эсенбаева арыз жазып депутаттыктан кеткенден кийин анын ордуна Бакирдин Субанбеков келген. Азыр Лунара Мамытова өз арызы менен кеткенден кийин партиянын тизмеси боюнча кезек меники. 6-май күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны болсо, мандат колума тиет деген ишеничтемин. Бул жерде эч кандай соодалашуу болгон жок", - деди Ормонов.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясынын депутаты Лунара Мамытова мандатын тапшыруу боюнча БШКга арызды 29-апрелде жазган. Эл өкүлү депутаттыктан баш тартуу себебин ачык айткан жок, болгону саясат ыплас нерсе экенин белгилеген.