Эгер мурунку президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев өз ыктыяры менен өлкөгө кайтып келишсе, президент Алмазбек Атамбаев кубанычта болмок. Бул тууралуу ал орусиялык басылмага берген маегинде билдирди. "Эки мурунку президентке: Акаевге да, Бакиевге да укук коргоо органдары тарабынан суроолор абдан көп", - деди Атамбаев.
Мындан тышкары мамлекет башчы 2017-жылы өтчү президенттик шайлоого мураскор даярдабай турганын баса белгиледи. "Демократиялык өлкөлөрдө мураскорлорду шайлашпайт, биз демократиялык өлкөбүз, демек, мураскорду даярдоо - биз үчүн башка жол. Демократиялык мамлекеттерде калк өлкө башчысын өзү тандайт, мындан улам биздин элибиз өлкө башчыны өзү шайлашы керек. Албетте, КСДПнын атынан президенттикке талапкерди көрсөтөт, бирок ал сөзсүз шайланат деген кепилдик жок. Башка талапкер утушу мүмкүн.
Шайлоонун жыйынтыгы кандай гана болбосун, жаңы президент өлкөнү артка бура алат деп ойлобойм. Мындай болушу мүмкүн эмес. Биз автократия менен авторитаризмге каршы эмдөө алдык. Биздин өлкө демократиялык жол менен гана өнүгө алат", - деди Атамбаев.