Алмазбек Атамбаев Тайырбек Сарпашевди кабыл алды

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-майда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кабыл алды. Жолугушууда Тайырбек Сарпашев мамлекет башчысына 2016-жылы өтө турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кезектеги шайлоолорго жана 2017-жылдагы президенттик шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлүк өнөктөр менен биргеликте мамлекеттик каттоо системин жана Кыргыз Республикасынын калкын документтештирүүнү өркүндөтүү боюнча пландалган иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу маалымат берди.

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, калкты каттоо жана эсепке алуунун так жана заманбап системи болгондо гана ар кайсы чөйрөлөрдө мамлекеттик саясаттын орчундуу багыттарынын натыйжалуулугу камсыз болот.

Мамлекет башчысы аталган мекеменин коррупция менен күрөшүү, таза жана ачык шайлоолорду өткөрүү ишинин өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан