Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев "Жер мыйзамдарынын айрым нормаларын колдонууга карата мораторий киргизүү тууралуу" буйрук чыгарды. 2016-жылдын 31-декабрына чейин иштей турган мораторийге ылайык, чет элдик жарандар, жарандыгы жоктор, чет элдик юридикалык жактар, уставдык капиталында чет элдиктердин үлүшү бар юридикалык жактар Казакстандын аймагынан айыл чарба багытындагы жерлерди ижарага ала алышпайт.
Эскерте кетсек, быйыл 24-апрелде айыл чарба жерлерин чет элдиктерге 25 жылга ижарага берүүгө каршы Казакстандын бир катар аймактарында митингдер өткөн.