Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоо алдында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевден кабар алып, Жеңиш майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы ардагерди келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр каалады.
"Кыргыз жазуучулары жөнүндө сөз болгондо мен биринчи эле Сүйүнбай Эралиевди эстейм. Аксакал ар дайым чындыкты түз айтып, баарын өз аты менен атайт. Сиз менен болгон көптөгөн маектерден чыккан кеңештериңиз менин өмүр жолумда күч болуп, тагдырдын соккуларына туруштук берүүгө жардам берет", - деди Алмазбек Атамбаев.
Президент белгилегендей, Улуу Жеңиш күнү кыргыз эли үчүн түбөлүк мааниге ээ болуп, келечекте да өзгөчөлүгүн жоготпойт.
"Бул биздин ардагер ата-бабаларыбызга, өлкөнү бутуна тургузуп, аны коргогон муунга болгон урмат-сыйыбыз. Тарыхыбыздын эң оор учурунда сиздер азыр биз сыймыктанып жашаган жерибиздин пайдубалын түптөгөнсүздөр", - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.
Сүйүнбай Эралиев президент Алмазбек Атамбаевдин көрсөткөн урматына жана колдоосуна ыраазычылык билдирди. "Акыркы жылдары өлкөдө көптөгөн жетишкендиктер болду, бирок баштаганды үзгүлтүккө учуратпай улантыш керек. Кыргыз элинин мамлекетке болгон ишеничи арзыды. Сизге жана калайык калкка көптөгөн ийгиликтерди, бейпил жашоо жана бакубатчылык каалайм", - деди Сүйүнбай Эралиев.