Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-майда Кыргыз Республикасынын банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"Урматтуу банк системинин кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Сиздердин кесиптик майрам эгемен кыргыз өлкөсү үчүн тарыхый окуя болгон улуттук валюта – сомдун киргизилиши менен байланышкан. Ошондон бери дүйнөлүк каржылык кризистерге жана саясий бурулуш окуяларга карабастан, кыргыз акчасы КМШ мейкиндигинде эң туруктуу улуттук валюталардын бири бойдон калууда.
Кыргыз мамлекетинин банк системи процесстик кызматтардын жана мобилдик банкингдин өнүгүшү боюнча Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрү ичинде алдынкы саптарды ээлеп келе жатат. Бүткүл дүйнөлүк “Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк” экономикалык форумунун рейтингине ылайык, Кыргыз Республикасы зайымчылар менен кредиторлордун укуктарын мыйзамдык коргоо жагынан алдынкы беш өлкөнүн катарына кирди.
Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында банк системинин алдына кредиттөө көлөмүн арттырууга жана кредиттер боюнча пайыздык коюмдарды азайтууга, экономикага узак мөөнөттүү жана арзан каржы ресурстарын тартууга, калктын банк системине ишенимин бекемдөөгө багытталган маанилүү милдеттер коюлган.
Кыргыз өлкөсү банктары экономикалык өсүшкө түрткү берүүгө тийиш. Анын үстүнө Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграция экспортко багытталган өндүрүштү колдоо жана ата мекендик товарлар менен кызматтарды сырткы рынокторго жылдыруу боюнча банк системинен жандуу ишти талап кылууда. 1 миллиард долларлык ресурсу бар Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду экономикабыздын чөйрөлөрүнүн ишин жандандырат деген үмүттөбүз.
Урматтуу банк кызматкерлери!
Дүйнөлүк экономикалык жана каржылык кризис шарттарында сиздерге чоң жоопкерчилик жүктөлүп отурат. Мамлекетибиздин экономикалык кызыкчылыктарын жана каржылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн бардык ресурстарды пайдаланууга тийишсиздер. Сиздер мындан ары да өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салымыңыздарды кошосуздар деп ишенем.
Сиздерге чың ден соолук, өлкөбүздүн жакшылыктары үчүн ишиңиздерге ийгилик жана бакубатчылык каалайм!"