Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин 10-майдагы жыйынында өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар боюнча мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Бул мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөдөн каржыланган өкмөттүк эмес уюмдардын баары мамлекеттик каттоодон өтүп, каржылык чыгымдары тууралуу отчёт берүү менен аларды жарыялап турууга тийиш.
Тармактык комитеттин төрайымы Галина Скрипкинанын айтымында, мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган долбоордон кыйла айырмаланып турат. Мыйзам долбоору аркылуу "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамдарга, Кылмыш кодексине негизинен эки өзгөртүү киргизилүүдө: биринчиси – "эл аралык коммерциялык эмес уюм" деген түшүнүк чечмеленип берилет, экинчиси – алар ачык-айкын иш жүргүзүп, өз бюджетин жарыялоого тийиш.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Алмамбет Шыкмаматов комитет мүчөлөрүн мыйзам долбоорун колдобоого чакырды. Анын пикири боюнча, мындай мыйзам өлкөдө күчтүү жарандык коомдун жана ачык коомдун түзүлүшүнө жолтоо болот. Ал эми депутат Исхак Масалиев мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жатканын, эми бул маселени парламент гана чече турганын эске салды.
Талкуунун жыйынтыгында парламенттин комитети аталган мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды. Эми бул документ палатада каралат.
Белгилей кетсек, өлкө аймагында 1,5 миңден ашуун чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм иштейт.